Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Ош

Ошто залкар талант Рыспай Абдыкадыров эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарында залкар обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош шардык мэриясынын жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты.

Мэрия малымдагандай, алгач улуу талант Р.Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясынын жанында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Иш-чаранын жүрүшүндө филармониянын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын аткарып беришти.

Кыргыз музыкасына өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кетти.

Залкар талант 1994-жылы 53 жаш курагында көпкө созулган оорунун кесепетинен көз жумган. Анын көзү тирүү болгондо 77 жашка толмок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×