Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдогу мушташ: Алты адамга 1500 сомдон айып салынып, коомдук ишке тартылды

Turmush -  Каракол шаарындагы мушташтын катышуучуларынын ар бирине 1500 сомдон айып салынып, 8 сааттык коомдук ишке тартылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-январда Каракол шаардык соту чыгарды.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, чечим КРдин Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 364-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде чыгарылды.

Административдик жоопкерчиликке жалпы 6 адам тартылды.

Буга чейин Turmush басылмасы Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тоо лыжасынын жабдыктарын ижарага берүүчү жайлардын биринин жанындагы мушташуунун видеосу боюнча териштирүү иштерин жүргүзгөнүн Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен маалымдаган.

Маалыматка караганда, аталган факты боюнча шаардын милициясына билдирүү түшкөн эмес. Лыжаларды ижарага берүү пункту Карасаев жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Видео материал интернетке жарыялангандан кийин Каракол ШИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында мушташ жергиликтүү тургундар — ижарага берүү пунктунун кызматкерлери менен лыжаны ижарага алган жарандардын ортосунда болгону аныкталды.

«Эки тараптын көрсөтмөсү боюнча, ошол күнү алар лыжаны ижара берүүчү жайдан алып, ал эми кечинде лыжаларды кайтарып бергенде анын бир таягы сынык болгон. Кызматкерлер чыгымды 2000 сомго баалап, аны талап кылышкан. Лыжаны ижарага алгандар чыгымды төлөөдөн баш тарткан. Жыйынтыгында кайым айтышуудан улам мушташ чыккан. Андан кийин алар бир чечимге келип, чыгымды төлөшкөн. Сурак учурунда ижарага берүүчү жайдын кызматкерлери аталган видеону WhatsApp аркылуу өздөрүнүн тобуна жайгаштырышканын жана андан кийин ал интернетке тарап кеткенин билдиришти. Эки тарап тең бири-бирине доосу жок экенин жана чыр-чатак тынчтык жолу менен чечилгендиктен милицияга билдиришпегенин белгилешти», - деп айтылат маалыматта.

Окуя 2018-жылдын 5-январында болгон. Көзөмөл камерасына жазылып калган мушташуунун видеосу интернетке жарыяланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 548
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×