Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык бийчи А.Курманалиева балдарга бийден сабак берүүдө (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Адина Курманалиева 5 жылдан бери тойлордо бийлеп жүрөт. Бийчи кыз менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, алып жаткан билими боюнча келечекте Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери болот.

«2008-жылы курбу кызым аркылуу бийге катышып, А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебине кирип бийлеп калгам. Бийге керектүү кийимдеримди ата-энем алып берет. 2013-жылы бийчилик боюнча диплом алып, музыкалык мектепте 1 жыл мугалим болуп эмнектенип калдым. Кийинчерээк университетте дагы студенттердин «Ала-Тоо жазы 2017» сынагына бий боюнча даярдантып сабак берип калгам. «Ала-Тоо жазы 2017» сынагында биринчи даражадагы диплом менен сыйланганбыз. Андан тышкары, Ошко, Ысык-Көлгө университеттин атынан барып, жакшы ийгиликтерди жаратып келгенбиз.

Бир жолу Ноорузга эжейибиз бийлеген кыздарды тандап, мени таңдабай койсо аябай ыйлагам. Үйгө ыйлап келсем, апам эжейиме "кызым мектепте окуп жүргөндө 2 алып келсе да мынчалык ыйлаган эмес, бийлетип койгулачы" деп айткан экен. Ошонум эсимден кетпейт (күлүп). Учурда Талас шаарындагы билимканада бийден сабак берип эмгектенип жатам», - деди ал.

Бийчи мугалим үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 416
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×