Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 12.01.2018 09:28

Ноокенде 170 орундуу заманбап мектеп ачылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-январда Ноокен районунун Массы айылында 170 орундуу заманбап мектептин ачылыш аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Маалым болгондой, мектепке райондогу билим берүүчү мекемелерден өтө эле алыс жайгашкан айылдан келип, жол азабын тарткан окуучулар жайгаштырылат. Мекемеде заманбап шарттар түзүлгөн, интерактивдүү доскалар коюлуп, атайын класс да ачылган.

Ноокен райондук билим берүү башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, мектептин штат бирдигин чечүү боюнча министрликке кайрылуу каттары жөнөтүлүп, бул маселени чечүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Быйылкы жаңы окуу жылынан тарта билим берүүчү жайда балдар окутула баштайт.

Ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев жаңы имаратта эл керегине жараган билимдүү инсандар чыгышына тилектеш экенин билдирип, демөөрчүлөргө өз ыраазычылыгын билдирди.

«Биз демөөрчүлөргө заманбап имарат салып берген үчүн рахмат айтышыбыз керек. Алар билим берүүгө кийлигишпейт. Мектеп айыл өкмөттүн балансына өтүп, башка мектептер сыяктуу эле бирдей программада билим берилет», - деди ал.

Кошумчалай кетсек, мектептин имаратына жана жатаканасына жалпысынан 51 млн сом жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×