Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.01.2018 23:33

Тарых инсаны: Ак-талаалык коомдук ишмер Г.Мергенбаев 26 жаш курагында ак жеринен атылган

Turmush -  Советтик доордо элден чыккан чыгаан инсандарыбыз идеологиялык кысымга туш болуп, абийир соту эмес, күч сотунун курмандыгы болушкан. Чыгаан инсандарыбыз кыргыз мамлекетинин өнүгүшү үчүн күйүп-бышып, өтөлгөлүү өмүр өткөрүшкөн. 1937-38-жылдардагы кандуу репрессия жөнүндөгү үзүл-кесил кабарлар компартиянын XI съездинен кийин борбордук гезиттерге чыга баштаган. Сталин өлгөндөн кийин жазыксыз атылган кээ бир адамдардын тизмеси чыккан. Атылгандардын кайсыл күнөөсү үчүн жана кайсыл берене менен айыпталганы ачык көрсөтүлгөн эмес. Ал мамлекеттик жашыруун сыр болуп келген. Соңку жылдары окумуштууларга Кыргызстандын тарыхынын эң негизги этаптарын жаңыча изилдөөгө жана өткөн мезгилге коомчулуктун объективдүү көз карашын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Элибизден чыгып эр жетип, калк үчүн жанын курман кылып, күч-кубатын, акыл-оюн Ата-Журттун жаркын келечеги үчүн жумшаган атуул болуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Мындай инсандардын катарына элинин улуттук эркиндиги менен мамлекеттин келечеги үчүн күрөшкөн уул-кыздарыбызды өлбөс кылып калтырды. Булардын катарына XX кылымдын башында элибиздин эркиндиги үчүн күрөшүп каардуу репрессиянын курмандыктары болуп кеткен төмөндөгү жердештерибизди кошсок болот.

Алардын бири Мергенбаев Гүлсакун Ак-Талаа районунун Куртка (азыркы Жаңы-Талап) айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси катардагы дыйкан болушкан. Октябрь төңкөрүшүнө чейин эзилген таптын өкүлдөрү болуп келишкен. Революциядан кийин Совет курулушунун ишине активдүү катышып, алгачкы коллективдүү чарбага мүчө болуп киришкен. Гүлсакун кичинесинен ата-энесине жардам берип, жаштайынан чыйрак чоңойгон. 1924-жылдын октябрь айынан 1928-жылдын май айына чейин Жаңы-Талап айылындагы мектептен билим алып, кат сабатын жойгон. 1928-1930-жылдары өзү туулуп өскөн айылында чарбага мүчө болуп кирип, чарбанын ар түрдүү жумуштарында эмгектенип, өзүнүн ишке болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, кандай гана иш болбосун аны жоопкерчилик менен аткарып өзүн көрсөтө алган.

Идиректүү жаш адис 1930-1931-жылдары Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайларга даярдоочу 6 айлык курстан окуган. 1931-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенет. 1931- 1932-жылдары Нарын райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор, Нарын районундагы Мазарайылдык кеңешинде катчы кызматтарында иштеген. Жөндөмдүү чыгармачыл Гүлсакундун андан кийинки иштери Нарын облустук газетасында уланган. 1932-1934-жылдары Нарын шаарындагы райондук газетасынын редакциясында жооптуу катчы, 1934- 1935-жылдары райондук газетанын редактору болуп иштеген. 1935-1936-жылдары Нарын шаардык басмаканасынын башчысы жана газетанын жооптуу катчысы кызматтарында иштеген. 1936-1937-жылдары Нарын райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы кызматтарын аркалаган.

1937-жылдын май айынан 1937-жылдын октябрь айына чейин Фрунзе шаарындагы Кыргыз ССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин алдындагы Совет курулушунун 6 айлык курсунан окуган. Борбордон ушул окуу жайын бүтүп баргандан кийин Нарын райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. Гүлсакун ата күлгүндөй 26 жаш курагында 1937-жылдын 17-декабрында ак жеринен караланып, контрреволюциячыл жана «Социал Туран» партиясынын мүчөсү деген айып менен НКВДнын Нарын райондук бөлүмү тарабынан камакка алынган. 1938-жылдын 25-февралындагы НКВДнын үчилтигинин чечими менен Гүлсакун Мергенбаевге эң жогорку жаза — атууга өкүм кылынган. Өкүм 1938-жылдын 4-июлунда Фрунзе шаарында аткарылган. Сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы белгисиз болуп калган.

Чоң атасы Кубанычбек Мергенбаев Гүлсакун Мергенбаевдин эмне болуп камалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылган. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей арадан 55 жыл убакыт өткөн соң, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 1992-жылдын 7-августундагы №537чи катында «1955-жылдын 13-октябрындагы Кыргыз ССРдин Жогорку сотунун кылмыш иши боюнча соттук коллегиясынын чечими менен Гүлсакун Мергенбаев акталган» деген маалымат Кубанычбек Мергенбаевдин туугандарынын колуна тийген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×