Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Итагар айылындагы мектепте окуучулар суук класстарда окуп жатышат, - тургундар

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы мектепте окуучулар суук класстарда окуп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, алар мектептин жылуулугу үчүн 49 миң сом акча чогултуп беришкен, бирок ошого карабастан жылуулук жакшы эмес. Себеби сапатсыз жылытуучу мештер коюлган.

Аксы райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги мектептин жылуулугун көмүр менен камсыз кылууну жана анын сапатын айыл өкмөт жетекчилиги текшерип чыгарын билдирди. Ал эми Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Анарбек Осмоналиев жылытуучу мештер сапатсыз курулганын тастыктады.

«Жылуулук жакшы болбой жаткандыгынын себеби курулуш учурунда катачылыктар кеткен экен. Ушул жылы бюджеттен 60 миң сом бөлүп бергени жатабыз. Каражат маселеси чечилсе эле мектептин жылуулугу жакшырат», - деди ал.

Итагар орто мектебинин жылуулук системасы 2017-жылы оңдолгон. Ал үчүн тургундардан дагы акча чогултулуп алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×