Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Ош облусу, Ош 11.01.2018 18:31

Ош шаарында жаңы курулган 10 кабаттуу үйдүн чыры (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан 10 кабаттуу үйгө байланышкан чыр сотко жетти. Жердин ээси менен үй куруп жаткан компаниянын ортосунда келишпестиктер тууралуу жердин ээси бүгүн, 11-январда АКИпресс-Ош уюштурган маалымат жыйында билдирди.

«Южремстрой» ачык акционердик коомунун төрагасы Рустам Нурматовдун айтымында, үй куруп жаткан жоопкерчилиги чектелген коом келишимде көрсөтүлгөн мүлктөрдү берүүдөн баш тартууда.

«Биздин коомдун жерине СССР убагында 5 кабаттуу үй курууга уруксат берилген эле. Союз тарагандан кийин биз ал жердин документтерин толук даярдаганбыз. Үй курууга каражатыбыз жоктугунан өнөктөштүк негизде курулуш баштамай болдук. 2014-жылы жарыя кылып, кардарлар табыла баштаган эле. 2016-жылы жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим түзүлгөн. Алар 2800 чарчы метр жерге 10 кабаттуу үй кура турган болушкан. Үй куруп жатканда долбоордогу үйгө жер жетпей, экинчи тилкедеги 105 чарчы метр аянтка кирип кетишкен. Алгач 2800 чарчы метр жерге келишим түзгөндө жердин жарым жартылай акчасын, кошумча чарчы метрге кошумча каражат төлөп бере турган болушкан. Кийин дагы 105 чарчы метр кошулганда биз үйдү буздурбай, кайрадан келишим түзгөнбүз. Алар бизге жарым жартылай акча менен кошо 12 мүлк — жер төлөдөн 3 орун, 1-кабаттан 1 соода борбор, 8 батир бермей болуп келишим түзүлгөн. Бирок мүлктү берүүгө келгенде үйдүн чарчы метрин кымбат баада баалап койду деген негизде район аралык сотко арыз менен кайрылышып, 12 мүлктү бербөөнүн чарасы көрүлүп жатат.

Жер базар баасында 575 миң долларга бааланат. Биз жерди аларга 567 миң долларга баалап, базар баасынан арзан бергенбиз. Ошого карабастан район аралык сот экинчи келишимди жокко чыгарып, экинчи тараптын пайдасына чечип койду. Биз учурда бул ишти кароо үчүн Ош облустук сотуна кайрылдык», - деди Р.Нурматов.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтымында, «Южремстрой» ачык акционердик коомуна 10 млн 944 миң сом төлөнгөн. Ага карабай жер тилке жоопкерчилиги чектелген коомго өткөрүлүп бериле элек.

«Биринчи келишимде ЖЧК "Южремстрой" ачык акционердик коомуна жердин чарчы метрине 8 миң 794 сомдон төлөй турган болушкан. Алгач алар 10 млн 944 миң сомду төлөгөн. Бирок ошого карабай, алар жерди ЖЧКга өткөрүп берген эмес. Качан гана курулуш башталганда "Южремстрой" ачык акционердик коому оор абалды түзүп, экинчи келишимди түзүүгө мажбур кылышкан. Экинчи келишимде жердин чарчы метри 131 миң сом деп бааланган. Мындан улам ЖЧК район аралык сотко 2-келишимди жокко чыгаруу боюнча арыз жазган. Сот 2-келишимди жарандык кодекстин 197-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жокко чыгарган», - деди Б.Осмонкулов.

Экинчи тарап — «Кыргыз Кербен» ЖЧКнын жетекчиси Жолон Абдуллаевдин айтымында, учурда эки компаниянын ортосундагы аласа-бересе боюнча сот териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Мындан улам Жолон Абдуллаев толук маалыматты соттун чечими чыккандан кийин гана айта тургандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×