Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 11.01.2018 15:18

Айыл турмушу: Таластык Асхат урушка түшүүчү 15 миң сомдук короздорду багат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 25 жаштагы тургуну Зарылбек уулу Аскат урушка түшүүчү 15 миң сомдук короздорду багат. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, дакан короздорду бакканына 2 жыл болду.

«2 жыл баккан короздорду "новичок" деп койсо болот. Анткени 10 жылдан бери короз баккан акелер бар. Мен аларды көрүп кызыгып кеттим. Негизи дакан деп айтылат, анын ичинен корей, тайго, шамо, вьетнам деген көп породаларга бөлүнөт. Бүгүнкү күндө 6 корозум бар. Ар бири ар кандай породада. Уткан эң чоң байгем 12 миң сом болгон. Короз багуунун келечеги жокко эсе, бирок бул кумар.

Короздордун баасы ар кандай. Күчтүү короздор кымбат болот. 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин бааланган короздор бар. Өзүмдүн короздорум 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин бааланат. Короз багуу жумуштан тышкары алек болчу нерсе», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×