Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Чүй облусу, Токмок 11.01.2018 13:23

Жаш талант: 11 жаштагы шахматчы А.Насерединовдун жашоосун өзгөрткөн сүйүү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын жаш спортчусу Амантай Насерединов шахматка катышкандан кийин жашоосундагы эрежелер өзгөрүп, алдыга койгон максаттарына жетүүнүн аракетин көрүп калган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал Токмок шаарында 2006-жылдын 9-ноябрында төрөлгөн.

«9 жашымдан баштап шахматка катышып баштадым. Ага чейин дзюдого барып машыгып жүрдүм. Алгач өзүбүздүн мектептеги шахмат ийримден ойноп калчумун. Бирок анда анчейин деле кызыккан эмесмин. Кийин Ислам агайым спорт мектепке шахмат ийримин ачып, ошол жакка катышып калдым. Ислам агайым менен Нуриза эжейимдин сабак берүү жана машыктыруу ыкмалары абдан жакты. Балдардын тилин таап, андан кийин үйрөткөндү жакшы билишет экен. Биз үй-бүлөбүз менен Ислам агайга жана Нуриза эжейиме ыраазыбыз. Шахмат боюнча Ысык-Көлдө өткөн эл аралык мелдештин жана көптөгөн шаар, облус, район аралык мелдештердин катышуучусумун. Азыр Кыргызстандын чемпионатына үчүнчү жолу катышып жатам. Чүй облусунун биринчилигинде тайпабыз менен Токмоктун атынан чыгып, 1-орунду камсыздаганбыз», - деди ал.

Спортчу шахмат мектептеги сабактарга, акыл-эстин өсүшүнө чоң жардам берерин баса белгиледи.

«Мурда деле жакшы окучумун. Бирок шахматка болгон сүйүүм бүтүндөй жашоомду өзгөрттү. Ага катышкандан тартып мыкты окуй баштадым. Кандай мелдеш болбосун жеңгенди жана жеңилгенди үйрөндүм. Бир нерселерге кызуу жаралып, алдыга максат койгонду үйрөндүм. Шахматтан сырткары футбол, бокс менен да алектенем. Күнүгө шахматка барам жана жумасына 3 жолу бокс менен машыксам, дем алыш күнү футболго барам», - деди ал.

Амантай эртең менен саат 8:00дө бокс залына барып, саат 10:00дө шахматка катышат. Андан чыгып алып мектептеги сабакка жөнөйт.

«Үй тапшырмаларды кечинде аткарып коем. Учурда №1 мектеп-гимназияда окуйм. Келечекте спорт чебери жана гроссмейстер болгонго аракет кылып жатам. Чыгармачылык жактан музыкалык мектепте 1 жыл комуз черткенди үйрөнгөм. Бирок музыкадан сабак берген эжейим башка жакка көчүп кетип, ошол бойдон комузга барбай калдым», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

«Менден улуу эжем дагы шахматка катышат. Санжар деген тууган байкем да катышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×