Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 11.01.2018 11:30

Айыл турмушу: Айылдык депутат М.Абдыкеримов адашкан аксакалга жардам берем деп, кызыктуу окуяга туш болгон (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 31 жаштагы тургуну Максат Абдыкеримов коомдук иштер менен алектенип, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Ал өзүнүн ийгиликтери жана жашоосундагы эң эсте калган окуясын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал 1986-жылы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Келечек айылында төрөлгөн.

«10-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алдым. 2002-жылы Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылына көчүп келип, ушул айылдагы орто мектептен 10-11-классты 2004-жылы аяктадым. Окууну бүтүп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетке тапшырып, 2009-жылы каржы жана насыя адистигине ээ болуп чыктым. Ал эми коомдук иштер менен 2009-жылдан бери алектенем. Ушул эле жылы Ак-Жол айылындагы мектепке дене тарбия мугалими болуп жумушка кирдим. Андан кийин Сокулук райондук таза суу чарбасынын жетекчилигине сунуш түшүп, ал жерге башкы адис болуп 2011-жылга чейин эмгектендим.

Ошол мезгилдерде араб туугандар менен таанышып, көп айыл өкмөттөргө таза суу киргизүү иштерин аткардык. 2013-жылы элимден «айылдык кеңешке талапкерлигиңди кой, бизге көп эле жардамың тийди, дагы айылдын өсүп-өнүгүшүнө иштеп бер» деп сунуш түшүп, талапкерлигимди коюп, жергиликтүү кеңешке өтүп кеттим. Ошол учурда эле төрага болуп эмгектенгем. Учурда Ат-Башы айылдык кеңешинде төрагалык кызматты аркалап жатам», - деди ал.

М.Абдыкеримов эртең менен жолдон адашып кеткен аксакал атага жолугуп, андан ары кызыктуу окуяга туш келгенин айтып берди.

«Эртең менен эрте Сокулук районуна жумушка кетип бара жаткам. Маловодное айылынын кайырма жолуна келгенде жолдун четинде аксакал киши туруптур. Унаамды токтотуп, «каякка бара жатасыз?» десем, анда ал «чиркөөгө баратам» деди. «Эмнеге баратасыз?» деп кайра суроо узатсам, «мен өзүм тажик улутунан болом. Тажикстанга өтүп бара жаткам, бирок документтеримди уурдап кетишти, мындан улам үйгө кете албай калдым. Автобекеттеги орустар Сокулуктун чиркөөсүнө барсаң, жардам кыларын айтышты» деп жооп берди. Ал киши аябай ачка экен. Ага тамак алып берип, курсагын тойгуздум дагы «Төш-Булак айылында иш-чара болот, ошондон кийин сизге жардам берейин, мени менен чогуу барып келиңиз» деп ээрчитип алдым. Жолдон өзүнүн өмүр баянын айтып берди.

70 жаштарга барып калган чал экен. Жол киресине акча берип, Тажикстанга узатып жибердим. Ортодон 10 күн өтпөй ал мага телефон чалып, «Бишкекке келдим, тосуп аласызбы» деди. Барсам, алар бирөө эмес, үчөө экен. Кайра эле акчалары жок, ачка экен. Тиги аксакал «мен Орусияда жашайм, мени ошол жакка сал, бул кишилер да болбой ээрчип алды, булар да кыйналып жатышат» деп айтты. Көздөрүн жалдыратканынан боорум ооруп, үчөөнө акча берип, Орусияга салып жибердим. Аларды учакка саларда «сага акча которобуз, аты жөнүңдү бер» деп калышты. А, мен «жок, рахмат, андан көрө ошол жактагы кыйналгандарга жардам бергиле» деп, узатып жибердим. Ушундай кызыктуу окуяга туш болгом», - деди ал.

М.Абдыкеримов 2017-жылы «Сокулук районунун эң мыкты айылдык кеңештин төрагасы» наамына татыган.

«Коомдук иштер менен алектенип, элден, райондук администрациядан жана башкалардан көптөгөн ардак баракчалар, ыраазычылык каттар менен сыйландык. Бош убактымда футбол, волейбол ойноп калам. Мамлекетибиз тынч болсо экен дейм. Сокулук районубуз өнүгүп, көйгөйлөрдүн баары чечилип, элдин жашоо шарты мындан да жакшырса дейм», - деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, келинчеги Адеми менен 2006-жылы баш кошкон.

«Өзүм үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусумун. Иним Талант үйлөнүп-жайланып, ал өзүнчө жашайт. Атам Кадырбек Абдыкеримов, апам Айткүл Айтергенова биз менен чогуу турушат. Келинчегим Адеми Абдыкеримова Балыкчы шаарынан болот. Комсомол деген айылдагы мектепте директордун орун басары болуп иштейт. Экөөбүздүн 2 уул, 1 кызыбыз бар. Эң кичүү кызым Малика 2 жашта, ортоңку уулум Баяман 6 жашта жана улуу балам Баят 10 жашка толду. Кайын атам, кайын апама ыраазычылыгымды билдирем. Ушундай жакшы кызды тарбиялап, мага жубай кылып бергенине рахмат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×