Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын Сыны айылында ата-энесинен айрылган бир туугандарга жөлөк пул берилбей жатат

Turmush -  Аксы районунун Сыны айылында ата-энесинен ажыраган балдарга жөлөк пул берилбей жатат. Бул тууралуу жөлөк пул ала албай жаткан жергиликтүү тургун Бакдөөлөт Мухамбет кызы билдирди.

Анын айтымында, ал 6 жаштагы иниси менен ата-энесинен эрте ажыраган.

«Жетим балдарга жөлөк пул берилерин билгенден кийин райондогу тиешелүү органдарга кайрылгам. Бирок алар ар кандай документтерди сурашып, акырында атаңдын үлүш жери жок деген жүйөө менен жөлөк пул беришкен жок. Мен 6 жаштагы иним менен чоң энемдин колунда турабыз. Бир аз жардам болсун деп жөлөк пул алууга кайрылгам. Бирок жыйынтык болбой жатат», - дейт ал.

Ал эми Аксы райондук администрациясы бул маселени карап, балдарга жардам көрсөтүлөрүн билдиришти.

Бакдөөлөт Мухамбет кызы 2013-жылы апасынан, 2016-жылы атасынан айрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 439
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×