Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.01.2018 13:39

Жалал-Абадда алдыңкы имамдар сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 8-январда облустук казыят 2017-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага муфтияттын Жалал-Абад облусундагы өкүлү, жергиликтүү аксакалдар, облус аймагындагы бардык район-шаардын баш имамдары, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу борборлордун жетекчилери жана демөөрчүлөр катышты.

Маалым болгондой, облус боюнча 632 мечит болсо, анын 589у каттоодон өткөн. Жалпы 609 имам, 88 мугалим, 9 казыят кызматкери бар. 493 имам аттестациядан өтсө, 116 имам аттестациядан өтө элек. Диний окуу жайдан 25 мугалим катышкан.

Садага боюнча 3 млн 920 миң 770 сом жыйналып, муктаждарга таратылган. Учак кырсыгынан жабыркагандарга 410 миң сом, жер титирөө, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 237 миң сом берилген.

Мындан тышкары, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Ноокен райондук хатибиятынын жетекчиси Абидинов Ашим ажы, Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын жетекчиси Мансуров Мураталы ажы ыраазычылык баракчалары менен сыйланды. Ал эми өзүнүн аймагында ысырапкерчиликти 90%га азайтып, ашыкча нерселерди кыскартууда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн Кара-Көл шаарынын имамы Бектен ажы Керезбаев казыяттын алкыш баракчасы менен сыйланды.

Ал эми курмандык чалууда башкалардан өзгөчөлөнүп, төөнү курмандыкка чалууну уюштургандыгы үчүн Аксы райондук хатибияты жана анын жетекчиси Мырзабек ажы Абдыкалыков алкыш баракчасы менен сыйланды.

Диний окуу жайлардын окуу куралын байытууда, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата олимпиаданын өтүлүшүнө кошкон салымы үчүн тоолуу Чаткал районунун баш имам хатиби Токонов Кубанычбек ажы, Токтогул районунун имамы Борошбаев Алиппай, Тогуз-Торо районунун имамы Болотбеков Тынчтыкбек ыраазычылык баракча менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×