Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда рейд учурунда 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад ШИИБ тарабынан «Каникул» аталышында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Канатбек Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө жашы 18ге жете элек 8 өспүрүм жумушка тартылганы аныкталды.

«Кышкы эс алуу күндөрү өспүрүмдөр бош убактыларын кандай өткөрүп жатышкандарын аныктоо максатында «Каникул» аталышындагы рейд өткөрүлдү. Рейд шаардагы автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларга, базарларда болуп өттү. Эмгекке тартылган балдар боюнча ата-энелери чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», - дейт ал.

Белгилей кетсек, эмгекке тартылган жаш өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Сузак районунан келгендиги аныкталды. Жаштар негизинен унаа оңдоочу жайларда иштеп жаткандыгы белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×