Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Токтогулда жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөө кызматынын жаңы имараты курулду (фото)

if(typeof aki_galleryjs_loaded !== 'undefined'){} else{ var loaded_jquery_mobile=document.createElement('script'); loaded_jquery_mobile.setAttribute('type','text/javascript'); loaded_jquery_mobile.setAttribute('src', '/uiall-css/aki_gallery/jquery.mobile.custom.min.js'); var loaded_aki_gallery_js=document.createElement('script'); loaded_aki_gallery_js.setAttribute('type','text/javascript'); loaded_aki_gallery_js.setAttribute('src', '/uiall-css/aki_gallery/aki_gallery.js?1'); } Turmush -  Токтогул районунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги А.Мамасейитов, Токтогул РИИБдин өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Мындагы имараттын курулушу 2017-жылдын жаз айларында ашар ыкмасы менен башталган. Токтогул РИИБдин демилгеси менен башталган имаратка жергиликтүү бийлик жана район тургундары колдоо көрсөтүштү.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы белгилегендей, жаңы имараттын ачылышы менен иштөө шарты жакшырып, жол коопсуздугун камсыздоо багытында тез чара көрүүгө өбөлгө болмокчу.

ОИИБдин башчысы ошондой эле Чычкан капчыгайында курулган Токтогул стационардык постунда болду. Бул пост 2017-жылдын 15-ноябрынан бери Ички иштер министринин демилгеси менен Ош—Бишкек унаа жолуна коюлуп, ар кандай кырдаалдарда чара көрүп келет.

Токтогул районунда 6 миңге жакын унаа каттоого алынган. Ошондой эле, Бишкек—Ош унаа жолунун 137 чакырымын тейлейт. Учурда райондо 7 кызматкер 2 кызматтык унаа менен жумуш алып барууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1940
Көп окулду
×