Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.01.2018 11:02

Жалал-Абадда мугалимдердин спорттук олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин арасында «Ден соолук-2018» аталышында спартакиада өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев билдирди.

Анын айтымында, спартакиадага шаардагы 19 мектептин мугалимдери катышып, жеңген командалар облустук турга жолдомо алышты. «Ден соолук-2018» аталышындагы спорттук иш-чара буга чейин да жыл сайын майрамдарда өткөрүлүп келген.

«Мугалимдер спорттук оюндарга катышып, алдыңкы байгелерге ээ болуп келишкен. Бүгүнкү оюндар да жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, ага мектеп мугалимдери активдүү катышып берди. Биз муну менен гана чектелбестен мугалимдерибизди республикалык таймаштарга катыштырып, алдыңкы орундарды багындыруу үчүн шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз», - дейт ал.

Спорттук мелдешке катышкан №14 мектеп-лицейдин дене тарбия мугалими Шермамат Арзыкуловдун айтымында, балдарга тарбия берип окутуп гана тим болбостон, мугалимдер аларга ар тараптуу жеке үлгүсүн көрсөтүүсү керек.

«Кыргыздын улуттук оюндары болгон ордо, тогуз коргоол оюндарынын уюштурулушуна абдан кубандым. Улуттук спорттун ушул түрлөрү боюнча балдарды да көбүрөөк машыктыруу зарыл. Биз ушул багытта иш алып баруубуз керек. Мен жеке өзүм улуттук оюндар боюнча мектеп окуучуларын даярдап, алардын даярдыгын күчөткүм келет», - дейт ал.

Шаардык олимпиаданын жыйынтыгында спорттун волейбол түрү боюнча №10 мектептин аялдар командасы 1-орунга, №14 мектеп-лицейинин командасы 2-орунга, ал эми №7 мектеп 3-орунга ээ болушту.

«Ден соолук-2018» аталышындагы мелдешти уюштурууга шаардык билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюуму тарабынан 35 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×