Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Ош облусу, Ош 08.01.2018 13:13 Жаңыланды: 08.01.2018 18:52 На русском

Жеңеке: 24 жаштагы Динара мал союп, кайындарын таң калтырды (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун бул жолку каарманы — Кара-Кулжа районунда өсүп, Ош шаарына келин болгон Динара Абдимажит кызы. Ал мындан 2 ай мурда турмуш курду. Тойдон көп өтпөй мал союп жаткан кайын инисине жардамдашып, этти жиликтеп, бул өнөрү менен көпчүлүктү таң калтырууда.

Шайыр жеңе менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«7-8-класста окуп жүргөндө мал сойгондорду карап туруп, мен да кызыкчумун. Апам кыздар мал сойгон жакка барбайт деп урушчу эле. Бирок ага карабай эле мал сойгондо карап турчумун. Үйгө коноктор көп келгендиктен көп мал союлуп, алардын баарын кылдат карап турчумун. Кийин агаларым жок учурда мал сойгонго аралашып жүрдүм. Бир ирет агамдын уулу мал союп баштаганда мен алып, аягына чейин кылдат союп көрдүм. Ошондон тартып кызыгуум артып, бул ишти толук үйрөндүм», - деди ал.

Жеңекенин бул өнөрүнө социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары да күбө болуп жатышат. Ал кой союп жаткан учурда тартылган сүрөттөрдү кайын иниси тараткан.

«Кайын иним кой союп жаткан эле. Анын жанына барып, мен да мал сойгонду биле турганымды айттым. Бирок ал ишенбестен мени сынап, суроо узатып кирди. Акыры ал койду мен союп, кайын инимди таң калтырдым. Биздин мелдештен улам андагы сүрөттөр социалдык тармактарга чыгып кетти. Жолдошум менин кой сойгонумду көрбөгөндүктөн башкалардан угуп таң калды», - деди Динара жеңеке.

Динара жеңе учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайда эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×