Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык Мунарбек жылуу климатта топоз багуу мүмкүн эмес деген ойду жокко чыгарды (фото, видео)

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылынын тургуну Мунарбек Чындыралиев айыл элинин каршылыгына карабай мындан 4 жыл мурда Нарындан топоз алып келип, учурда алардын санын көбөйтүүдө. Аймактык кабарчы жергиликтүү малчыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал топоздорду алгач алып келгенде райондун шарты туура келбейт дегендер көп болгон.

«Мен алгач топоздорду алып келгенде айрым адамдар каршы болгон эле. Биздин аймактын климаты топоздорго ысык болот дешкен. Алар суук жерлерде жашагандыктан ысыкта өлүп калат деп айтышкан. Бирок мен 2 топоз алып келип, учурда алардын санын 22ге жеткирдим. Буюрса дагы көбөйтүүнү пландап жатам», - деди ал.

Ишкер топоздор өтө суук жерлерде жүргөндүктөн аны кароо өтө түйшүктүү экендигин белгиледи.

«Топоздор кышкысын, катуу бороон учурунда деле жайлоонун башында жүрө беришет экен. Суук жерде жүргөндүктөн аны кароо алгач кыйын болду. Тоонун башына жете албай, 2-3 ай көрбөй калган учурлар болгон. Издеп таппай дагы калабыз. Бирок алар бийик тоолордун арасында жүрөт. Топоздорго жырткычтар дагы кол сала албайт», - дейт ал.

Итагар айылынын тургундары ишкердин 3 жаштагы топозун 30 миң сомго сатып алып, союп алышкан. Андан кийин дагы топоздорун сатып алууга кардар көбөйүп жатканын ишкер белгиледи.

«Топоздун эти абдан даамдуу болот экен. 3 жаштагы топозду өткөн жылы айыл тургундары 30 миң сомго сатып алышкан. Мындан улам кардарлардын саны көбөйүп жатат. Эми кышкысын тургундарга сатууну пландап жатам», - деди ишкер.

Ал белгилегендей, Аксы районунун аймагында топоз баккандар жокко эсе. Райондун көпчүлүк аймагы ысык келгендиктен топоз багуу мүмкүн эмес деп эсептешет жергиликтүүлөр.

Жаш ишкер учурда 30 жашта, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×