Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Фото — 18 жылдан бери үңкүрдө жашаган базар-коргондук үй-бүлө ал жерден көчүүдөн баш тартты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагындагы үңкүрдө Төлөн Мамарасулов 18 жылдан бери жашап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал буга чейин Правда айылында жашачу. Кесиби боюнча музыкант. Музыка сабагынан сабак берип, мугалимдик кесипти аркалап келген.

«Ошол убакта шал оорусу менен ооруп, 13 жыл төшөккө жатып калдым. Бул оору менен алышып жаткан учурда түшүмө ушул үңкүр кирип, оорум үңкүрдө айыга турганы тууралуу аян болду. 50 жашымда бул үңкүргө келип жашап калдым. Азыр 68 жашка чыктым. Жубайым Бактыгүл Байсейитова менен үңкүрдө жашап келебиз», - деди ал.

Т.Мамарасулов 18 жылдын ичинде үңкүрдүн ичинен табылган буюмдарды жыйнап койгон. Табылгалардын арасында тамга түшүрүлгөн таштар, жыгачтар да бар.

«Жубайым экөөбүз бул жерди жердеп калганыбызга өкүнбөйбүз. 18 жылдын ичинде ден соолугум жакшырды. Үңкүрдө табылган буюмдарды да чогултуп койдум. Мындан сырткары бизге жакын Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен эсептик сандар түшүрүлгөн таштарды, жыгачтарды топтоп жүрөм», - дейт ал.

Бул үй-бүлө зыярат кылууга келген элдерге да жол көрсөтүшөт. Буга чейин алар жашаган жер кооптуу жай деп табылгандыктан айыл өкмөт тарабынан бул үй-бүлөгө башка жерге көчүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Талдуу-Булак айыл аймагынын башчысынын орун басары Сансызбай Нурсеитовдун айтымында, бул үй-бүлө үңкүрдөн башка жерге көчүүдөн баш тарткан.

«Т.Мамарасулов бул жайдан эч жакка чыкпайбыз, кокустан кырсык болсо эч кимге дообуз жок деп арыз жазып берген», - деди С.Нурсеитов.

Төлөн Мамарасулов 1 уул, 7 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8885
Көп окулду
×