Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 06.01.2018 10:30 На русском

Сузактагы үй-бүлөгө уурулар кол салып, үй ээси каза болду, аялы менен кызы ооруканада

Turmush -  Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкерлер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болду, ал эми аялы жана кызы жараат алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер мыйзамсыз түрдө киришип, үйдүн тургундарын уруп, ден-соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБге кабар келип түшкөн. Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда кылмышкерлердин колунан үйдүн ээси - 1956-жылы туулган С.Т, 1964-жылы туулган жубайы С.Х., жана 2002-жылы туулган кызы С.М., жараат алышкандыгы аныкталган. Уурулар темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен алардын бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издешкен, бирок таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кылмышкерлердин токмогуна кабылган үй-бүлө мүчөлөрү денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Үй ээси алган жараатынан улам ооруканада 3-январда каза болгон.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М., шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген.

Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×