Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Жалал-Абад

Фото - Президентке кат жазган жалал-абаддык окуучу Чыңгыз белекке жылкынын баласын сураган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жаңы жыл майрамын утурлай президентке кат жазган балдарга белектер тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өлкө башчыга жалпы 9 бала кат жазган, алар 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар. Алардын арасында Ноокен районунун Масы айылындагы мектептин 3-классынын окуучусу Чыңгыз Акматалиев да бар. Бүгүн өлкө башчынын белегин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.

Жаңы жыл алдында кат жазган Ч.Акматалиевдин айтымында, былтыр ал окуган мектептин окуучусу президенттен алабай күчүк сурап, аны белекке алган. Быйыл ал дагы президентке кат жазууну чечкен.

«Былтыркы жылы жогорку класстагы окуучулардын бири президентке кат жазып, кыялындагы белекке ээ болгон эле. Быйыл мен дагы кат жөнөттүм. Мен жылкынын баласын, планшет, компьютер белекке сурагам. Мен сураган планшетти берип жибергени үчүн чоң рахмат айтам. Өлкө башчынын ден соолугу чың болсун», - деди ал.

Чыңгыз төрт бир туугандын экинчиси, ал пианинодо ойноону үйрөнүп жатат. Мектепте алдыңкы окуучулардын бири.

Мындан тышкары, өлкө башчынын белеги Достук айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы мектептин 3-классынын окуучусу Бактыгүл Молдобековага да берилди. Төрт бир туугандын кичүүсү Бактыгүл кат жазганы менен белектин келишин күтпөгөндүгүн айтып, белек күтүүсүз болгонун белгиледи.

Ошондой эле, Токтогул районунун Ак-Тектир айылындагы мектептин 4-классынын окуучусу Абдулазиз Жумабеков, Бала-Чычкан айылынын 7 жаштагы тургуну Луиза Бейшеналиева, Чоң-Арык айылынын 8 жаштагы тургуну Улан уулу Бекжан, 10 жаштагы Баяман Тагайкулов, Кара-Көл шаарынын тургуну Арген Калымбет уулу, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынын тургуну Айбеков Бектурган, Көк-Жаңгак шаарындагы мектептин 6-классынын окуучусу Маржан Буржуева президентке кат жазышып, баардыгы өлкө башчынын белектерине ээ болушту.

Ал эми Токтогул районунан президентке кат жазган окуучулардын белегин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким М.Сатымкулов тапшырып, окууларына албан ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, өлкө башчынын белектеринен сырткары балдарга арналып чыгарылган окуу китептерди белек кылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6740
Көп окулду
×