Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Ала-Буканын акими жаңы жыл алдында көз жарган энелерге белек тапшырды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун акими С.Акпаралиев 31-декабрь күнү жаңы жыл алдында райондук төрөт үйүндө көз жарган энелерден кабар алып, аларга белектерди тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондо жаңы жыл алдында 8 ымыркай — 5 уул, 3 кыз жарык дүйнөгө келген.

Ала-Бука районунун тургуну А.Көчөрова неберелүү болгонун айтып, кубанычы менен бөлүштү.

«Жаңы жыл алдында кызым көз жарып, кыздуу болду. Мен да кызымдын жанында болуп, анын төрөтүнө катыштым. Төрөттөн чыккандан кийин эле райондун акими келип, куттуктап белектерин берип кетти. Бул биз үчүн күтүүсүз болду. Райондун жетекчисине энелердин атынан ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3201
Көп окулду
×