Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 04.01.2018 11:36

Жалал-Абад жана Талас облусунда катуу шамалдан жабыркагандарга шиферлер жеткирилди

Turmush -  Жалал-Абад жана Талас облустарында катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган турак жайларга шиферлер жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-январь күнү Кант шаарындагы шифер заводдон 440, ал эми 3-январда 4 жүк ташуучу унаа аркылуу 1650 даана шифер Ала-Бука районунун Көк-Таш айылына жеткирилди.

2-январда 1540 даана шифер Көк-Серек айыл аймагынын Көк-Серек, Кош-Болот жана Биринчи май айыл аймагынын Ак-Башат айылына берилди. Жеткирүүгө ӨКМдин жүк ташуучу 3 унаасы тартылды. Ала-Бука районуна жалпы 3630 даана шифер жеткирилди.

Мындан тышкары, 1-январь күнү Кант шаарындагы шифер заводдон 1210 даана шифер жүктөлүп, Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагына 2-январда жеткирилди. Жеткирүү үчүн ӨКМдин жүк ташуучу 3 унаасы тартылды.

Ошондой эле, 5 оор жүк ташуучу унаага 2200 даана шифер жүктөлүп, учурда убактылуу Таш-Көмүр шаарында токтоп турат. Бишкек—Ош жолунун 156-чакырымында (Париж тилкеси) токтоп турган 2 оор жүк ташуучу унаа (880 шифер жүктөлгөн) бүгүн, 4-январда жолго чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×