Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 03.01.2018 08:35

Тогуз-торолуктар Нарындагы памирлик кыргыздарды жаңы жыл менен куттукташты

Turmush -  Тогуз-Торо районунун өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун атынан Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздарды жаңы жылы менен куттукташты. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, Ооганстандан кыргыз өкмөтүнүн күчү менен билим алуу үчүн келишкен этникалык кыргыздар үчүн жаңы жылдык белек-бечкектер жана эки сааттык концерттик программа алдын ала даярдалган болчу. Райондун акими Т.Идирисов баштаган райондун өкүлдөрү жаңы жыл алдында Нарын шаарына барышты.

Алар Нарында жашап жаткан памирлик 31 кыргыз үй-бүлөнүн ар бирине азык-түлүктөр менен таттуулар салынган баштыктарды тапшырышты. Нарын шаарындагы кесипчилик-техникалык №78 лицейдин имаратында палоо демдешип, памирлик кыргыздарга сый тамак беришти. Анын алкагында тогуз-торолук шайырлардын маңыздуу концерти да көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×