Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Жалал-Абад

Президент С.Жээнбеков аксылык окуучунун кыялын орундатты (фото)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков аксылык окуучуга компьютер белек кылды. Райондук администрациядан маалымдашкандай, өлкө башчынын белегине Ж.Мавлянов атындагы мектептин 4-классынын окуучусу Айжана Мырзараимова ээ болду.

Буга чейин окуучу кыз жаңы жылга карата кат жазып, президенттин дарегине жөнөткөн. Ал катында ата-энеси чет өлкөдө эмгектенип жүрүшкөнүн айтып, белекке компьютер сураган. Анын айтымында, ата-энеси өздөрүнө үй сатып алуу үчүн чет жакта эмгектенүүгө мажбур болушкан.

Мындай белекке кубанган Айжана өлкө башчыга ыраазычылык билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3831
Көп окулду
×