Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 31.12.2017 13:02 На русском

Жалал-абаддык студенттер өкмөт башчы С.Исаковдун белегин алышты (фото)

Turmush -  Өкмөт башчы Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында уюштурулган жолугушууда сунуштарын айтып, узаткан суроолору менен айырмаланган 3 студентке белек берди. Аманатты кечээ, 30-декабрда өкмөттүн облустагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

26-декабрда премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде да болуп, студенттер менен жолуккан болчу. Анда ал «Таза коом» долбоору боюнча жаштарга кеңири маалымат берүү менен студенттердин түрдүү суроолоруна ачык жооп берген.

Эки саат бою жаштардын суроолоруна жооп берген С.Исаков өзүнө жаккан маанилүү суроонун ээсине белеги бар экенин айткан эле. Жыйынтыгында өкмөт башчынын белегине ЖАМУнун студенттери — Жылдыз Даниярова, Акай Болотбеков, Базарбай кызы Алтынай ээ болду. Белектерди тапшырган ыйгарымдуу өкүл өкмөт башчы студенттерди билим алууга, алдыга умтулууга чакырып, бийлик дайым жаштарды колдоого ала турганын айтканын белгиледи.

Студенттерди баштап келген ЖАМУнун проректору Айгүл Доранова: «Жаштар — биздин келечегибиз. Өлкөнүн эртеңин жаштар түзөт, жаштар дайым колдоо табат деп айтчу элек. Өкмөт башчынын жаштарга көңүл бөлүүсү биз айтып жүргөн кептерди далилдеп койду. Бизге, тактап айтканда мугалимдерге, студенттерге дем берди. Ал үчүн өкмөт башчыбызга, сиздерге ыраазычылык билдиребиз», - деп кошумчалады.

Учурда Жалал-Абад мамлекеттик университети бир катар багыттар боюнча 12 миңден ашуун студентке жогорку билим берип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×