Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 29.12.2017 13:21

Ала-Букада катуу шамалдан 500дөн ашык турак жайдын чатыры жабыркап, 6 млн сомдой зыян келтирилди (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан улам 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры жабыркады. Бул маалыматты район акими Сонунбек Акпаралиев да тастыктады.

Анын айтымында, катуу шамалдын кесепетинен 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймактарындагы турак жайлардын 30-40%ы, соцобъектилердин 60-70%ы жабыркаган.

«Шамал катуу болгондуктан дарактар кулап, электр линиялары үзүлгөн. 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймактарында 1,5 сутка электр жарыгы болбой, кечээ берилди. Көк-Серекте электр жарыгы эки күндөн бери толук бериле элек, кечээ айыл аймактын жарымына берилген. Бүгүн бул айыл аймакка электр жарыгы толугу менен берилет. Катуу шамал болгон жерлерде келтирилген зыянды аныктоо максатында комиссия иштеп жатат. Жабыркагандар буга чейин турак жайларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөргөндүгү боюнча маалымат такталууда. Бүгүнкү күнгө чейинки маалыматка караганда, Көк-Серек айылында 30 үй-бүлө турак жайларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүшкөн. Алардын ичинен 10 үй-бүлөнүн турак жайы жабыркаган», - дейт район акими.

Маалым болгондой, соцобъектилердин ичинен экөөсүн жалпы билим берүүчү мекемелер түзөт. Тактап айтканда, Көк-Серек айылында Токтогул, 1-Май айылында Бакиев атындагы мектептер бар. Ошондой эле, Көк-Серек айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 1 ФАП, 1 клуб жана Көк-Серек айыл өкмөтүнүн имаратынын да чатырлары учкан. Алдын ала божомолдоолор боюнча 6 миллион сомдук материалдык зыян келтирилди.

Учурда шамал жүргөн аймактарда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов баштаган бийлик өкүлдөрү жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×