Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 29.12.2017 12:05

Токтогул—Беш-Таш жолу жер көчкүдөн тазаланды

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылына баруучу Токтогул—Беш-Таш жолу учурда ачык. Жолду жер көчкүдөн тазалоо иштери аяктады.

ӨКМдин билдирүүсү бонча, 27-декабрда саат 19:00 чамасында ички чарбалык унаа жолдун 51-чакырымында болжол менен 13 миң метр куб жер көчкү түшкөн. Көчкүдөн кийин унаа жол жабылган болчу.

№23 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жолду тазалоо иштери кечээ, 28-декабрда саат 20:00дө толук аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×