Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 14 жаштагы бала каза болду (фото, видео)

Turmush -  Бишкек—Ош жолунун тилкесинде кечээ, 28-декабрда жол-транспорт кырсыктан 14 жаштагы өспүрүм көз жумуп, 2 адам жаракат алды.

Буга чейин Turmush басылмасы 17:00 чамасында унаа жолдун 389-чакырымында май ташуучу унаа менен 3 жеңил унаанын катышуусунда жол кырсык катталганын маалымдаган.

Маалым болгондой, «ДЭУ Нексия» (мамлекеттик номуру T 966 KC77) үлгүсүндөгү унаанын ичинде 4 адам, «ДЭУ Матизде» (мамлекеттик номуру XK 163 У77) 1 адам, «Тойота Опада» (мамлекеттик номуру D 3453 K) 2 адам, ал эми «ХОВО» (мамлекеттик номуру 01KG) үлгүсүндөгү май ташуучу унаада 1 адам болгон. Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыкка күбө болгон Кара-Көл шаарынын 27 жаштагы тургуну Союзбек уулу Азаматтын айтымында, «Тойота» үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү оор жаракат алган. Ал мектеп окуучусу болушу мүмкүн. Май ташуучу унаа катуу ылдамдыкта Бишкек шаары тарапка бара жатып, бурулушта башкаруусун жоготкон.

Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилгендердин тизмеси:

- 1986-жылы туулган К.Ч., Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын тургуну (баш сөөгүнөн, ичинен жана ички органдарынан жаракат алган);

- 1989-жылы туулган Т.К., Кара-Көл шаарынын тургуну (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган);

Алган жаракатынан улам Кара-Көл шаарынын 2003-жылы туулган тургуну С. уулу С. каза болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4132
Көп окулду
×