Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.12.2017 17:14

Жалал-Абаддагы имамдар майыптарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө 648 миң сомдук жардам көрсөтүштү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы имамдар жардамга муктаж адамдарга жана ата-энеси жок балдарга жардам көрсөтүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мындай демилге Базар-Коргон, Аксы, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаардык хатибияттары тарабынан демилгеленип, жалпысынан 648 миң 200 сомдук жардам көрсөтүлдү. Алсак, Базар-Коргон райондук хатибияты жергиликүү элдин жана «Итар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте атасынан ажыраган 70 балага 550 миң сомдук акчалай жардам таратышты.

Ал эми Аксы райондук хатибияты тарабынан жардамга муктаж адамдарга 60 миң сом таратылды. Авлетим айыл өкмөтүнүн баш имамы Өмүрбек Тургуналиев өзүнүн демөөрчүлүгү менен II топтогу майып Нурбек Орозалиевге 35 миң 500 сом акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле, Аксы райондук хатибияты «ЭТАР» кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондогу муктаж болгон 10 үй-бүлөгө 2500 сом акчалай жардам беришти.

Ал эми Майлуу-Суу шаардык хатибияты тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 24 миң 200 сомдук акчалай жардам көрсөтүлүп, 20 мүшөк көмүр таратылды. Ошондой эле, 1961-жылы туулган Акматова Мастурага жана рак оорусуна чалдыккан 1964-жылы туулган Акматова Чолпонайга 3 миң сомдук акчалай жардам жана кошумча 1200 сомго эт азыгы алынып берилди. Мындан тышкары, 2 үй-бүлөгө 20 кап көмүр жана 1500 сом акчалай жардам тапшырылды.

Муну менен катар «Жеке-Мисте» мечитинин имамы Э.Аджыханов 5 балалуу үй-бүлөгө 5 миң сомдук жардам жана төрт майыпка 10 кг кой эти жана 2 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү.

Кара-Көл шаардык хатибияты менен биргеликте «Мүрөк-К» кайрымдуулук фондунун дүкөнү муктаж адамдарга керектүү кийим-кечелерди, кышкы бут кийимдерди жана тамак-аш азыктарын таратып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×