Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 28.12.2017 11:17

Ноокенде майып балдар окуган мектепте өкүлдүн катышуусунда балаты майрамы уюштурулду (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айыл аймагындагы Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебинде балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, район акими Э.Маматаев баштаган бийлик өкүлдөрү да күбө болушту. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берип келген облустагы жалгыз мектепте учурда 157 бала окуйт. Анда тарбияланган окуучулардын арасынан таланттуу балдар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул мекеме үчүн өкүлчүлүк тарабынан 113 миң сом акча бөлүнүп, балдарга шейшеп, жаздык тыш сатылып алынган. Өкмөттүн өкүлү балдарды майрамы менен куттуктап, аларга өкүлчүлүктүн атынан белектерди тапшырды. Райондук администрация да өздөрүнүн колдоосун көрсөттү.

Өкүлдүн резервдик фондунан Ж.Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине, Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык стационардык борборуна, Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө, «Ак Жол» реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан балдар үчүн жалпы 453 миң сом бөлүнгөн. Андан тышкары жакшы окуган окуучуларга жана колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 105 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×