Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 28.12.2017 10:08

Ала-Букада катуу шамал бир нече соцобъектилердин, үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда катуу шамал бир нече социалдык объектилердин чатырларын учуруп кетти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, катуу шамал кечээ, 27-декабрда таңкы саат 05:00 чамасында болгон. Анын кесепетинен Биринчи май, Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарындагы кээ бир турак жайлардын, социалдык объектилердин чатырлары учуп кеткен. Табигат кырсык катталган аймактарда телефондук байланыштар үзүлдү.

Учурда райондук администрация менен ӨКМдин райондук бөлүмүнөн түзүлгөн комиссия кырсык болгон аймактарда келтирилген зыяндарды тактоо боюнча иш алып барышууда. Канча турак жай жабыркагандыгы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×