Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондо ата-энесинен эрте ажыраган 6 балага 4 бөлмөлүү үй куруп беришти

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Биринчи май айылында ата-энесинен эрте ажыраган 6 бир тууган балага төрт бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул демилге айылдын имамы Сатыбалды Нажимидинов тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү элдин салымы менен ишке ашырылган.

Жаңы үйдүн ачкычын тапшыруу аземине райондун акиминин биринчи орун басары Каныбек Тилекеев, облус казысынын жардамчысы Алмаз Умарбеков, райондук хатиб Тынчтыкбек ажы Шаиков, Кеңеш айыл аймагынын башчысы Рахман Өмүрзаков, аталган айыл аймактын имамы Сабыр Кыпчакбаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Саамалыктын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков жергиликтүү тургундарды жетим-жесирлерге, муктаждарга, оор абалда жашаган тургундарга жардам берүүгө чыкырып, ата-энесинен эрте ажыраган 6 бир тууган балага үй куруу демилгесин көтөргөн С.Нажимидиновго ыраазычылык билдирди.

6 баланын атасы 2 жыл мурун каза тапкан. Атасынын көзү өткөндөн көп узабай апасы ооруп каза болгон. Үч уул, үч кыз томолой жетим калышты. Алардын эң улуусу 21 жашта болсо, кичүүсү 6 жашта. Учурда балдар таякелеринин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×