Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда «Тойота Превия» унаасына таш түшүп, 4 адам жабыркады

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы тилкесинде таш түшүп, 4 жүргүнчү жеңил жаракат алды. Бул тууралуу шаардык №30 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Эдил Сейталиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, саат 05:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун 400-чакырымында Бишкек багыты көздөй бара жаткан «Тойота Превия» үлгүсүндөгү жеңил унаанын үстүнө таш түшкөн. Анын кесепетинен 4 жүргүнчү жеңил жаракат алып, шаардык ооруканага кайрылышты. Алар медициналык жардам алгандан кийин сапарын улантышкан.

«Учурда Бишкек—Ош жолунда майда таштар түшүп жатат. Тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун жабылганына карабай сапарга чыккан жүргүнчүлөр бар», - деди Э.Сейталиев.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн Бишкек — Ош унаа жолунда туруксуз аба ырайына жана кардын калың жаашына байланыштуу жол тыгындар пайда болуп, жол убактылуу жабылгандыгын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6542
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×