Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 27.12.2017 10:14

Ноокенде айылдашынын 3 баш малын уурдап саткан 20 жаштагы жигит кармалды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда мал уурулукка шектүү кармалды. РИИБдин маалыматына караганда, 17-декабрдан 18-декабрга караган түнү Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу №27 участкасындагы мал сарайдан 1 баш уй (40 миң сомдук) жана 2 баш торпокту белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Муну менен мал ээсине 70 миң сомдук зыян келтирилген.

Малдын ээси — Ноокен районунун 1950-жылы туулган тургуну К.А. РИИБге арыз менен кайрылып, аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ноокен районунун Момбеков айылынын 20 жаштагы тургуну М. уулу М. кармалды. Ал буга чейин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен соттолуп, учурда шарттуу түрдө жазасын өтөп жаткан.

«Ал көрсөтмөсүндө «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаага 3 баш малды жүктөп, 18-декабрда эртең менен саат 06:00 чамасында Өзгөн районундагы мал базарга алып барып, жалпы 41 миң сомго сатып, акчасын өз кызыкчылыгына пайдаланганын айткан. Шектүү деп кармалган жарандын жасаган иши тергөө учурунда тастыкталып, 21-декабрда убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×