Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ала-Букада аз камсыз балдарга акимдин жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда кечээ, 26-декабрда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ата-энесинен ажыраган балдарга акимдин балаты майрамы уюштурулду. Бул тууралуу акимдин орун басары Калчабү Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, иш-чара райондогу балдардын искусство мектебинде өтүп, андагы балдардын күчү менен театрлаштырылган оюн-зоокторду 80 бала көрдү.

«Аларды балаты майрамы менен аким С.Акпаралиев куттуктап, терең билим алып, ден соолугу чың жана өмүрлүү, бакты-таалайдын ээси болуусуна тилектештигин билдирди. Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарынын балаты майрамына акимдин резервдик фонду менен жергиликтүү мекеме-ишканалардан 100 миң сом бөлүнгөн», - деди акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×