Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксынын акими 100 балага белек тапшырды

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Аксы районунда Т.Үмөталиев атындагы орто мектептеги жаңы жыл майрамына райондун айыл аймактарынан ата-энесинен ажыраган, турмушу начар, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 100 бала келди. Бул тууралуу акимдин орун басары Зарипа Калматова билдирди.

Анын айтымында, аларды райондун акими Масалбек Мырзамамытов куттуктап, балдардын ар бирине белектерди тапшырды. Жаңы жылдык майрамдык иш-чараларга акимдин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүнгөн.

«Аксы районундагы балаты майрамы 25-декабрда «Жаңы жылым — жакшылыктын, ынтымак менен дөөлөттүн ачкычы» деген ураан менен башталган. Арча майрамынын алгачкы күнү район борборундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин окуучуларына туш келди. Анда окуучулар Аяз ата менен Аяз кыздын коштоосунда жаңы жыл тууралуу ырларды жана кыргыз элинин улуттук ырлары менен дастандарын айтышып, чыгармачылык жагынан өзгөчөлөнгөн окуучуларга белектер берилди. Балаты майрамына түрдүү кийинип келген балдар-кыздарга да сыйлыктар менен кошо таттуулар берилди», - деди З.Калматова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×