Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Фото - Жалал-Абадда белгилүү кардиолог А.Исираилов иш учурунда көз жумду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында белгилүү кардиолог Исираилов Абдибали 20-декабрь күнү иш учурунда көз жумду.

Кесиптештеринин айтымында, ал ошол күнү адаттагыдай эле жумушка эрте барып, бейтаптарды көрүп жатып, акыркы палатага жеткенде өзүн жаман сезген. Ага кардиохирургдар жардам көрсөткөнүнө карабастан өзүнө келген эмес.

Кардиохирург А.Исираилов

«А.Исираилов жумушуна жоопкерчилик менен караган, кесибин сүйүп иштеген дарыгерлердин бири болчу. Жумушка саат 06:00 чамасында эле келип, дайыма бейтаптардын абалына көз салчу. Ал 1982-жылдан бери Жалал-Абад облустук оорукананын кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген. Бул бөлүм 1 жыл мурун Түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хируругия борборуна кошулган», - дешет кесиптештери.

Исираилов Абдибали Исираилович

- 1951-жылы Ош облусунун Совет районунун Алай-Куу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айылында туулган. Бир кыз, үч уулдун атасы.

- 1970-1975-жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда билим алган;

- 1975-жылы Жалал-Абад шаарындагы бир жылдык интернатураны өтөгөн;

- 1975-1976-жылдары аймактык терапевт болуп ооруканада иштеген;

- 1976-1977-жылдары Жалал-Абад шаардык ооруканада кардиология бөлүмүндө дарыгер ординатор болгон;

- 1977-1981-жылдары шаардык оорукананын кардиология бөлүмүнүн башчысы болгон;

1981-1982-жылдары Совет районунун ооруканасында башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенген;

- 1982-жылы Жалал-Абад шаардык ооруканага кайрадан которулган;

- 1982-1989-жылдары облустун башкы терапевти болгон. 1982-жылдан бери кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

А.Исираилов Саламаттыкты сактоо министринин, президенттин ардак грамоталарына ээ болуп, Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына татыган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 26883
Көп окулду
×