Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 25.12.2017 17:01

Базар-Коргондогу 20 мектепке айыл чарба шаймандары жана көргөзмө куралдар берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 20 мектепке айыл чарба шаймандары жана көргөзмө куралдар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуу куралдар өкмөткө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы жана «Лесик-Юг» коомдук экологиялык уюмунун «UNIQUE-GIZ» токойлорду сактоо, жакырчылыкты жоюу жана жаңгак токойлорун коргоо долбоору тарабынан жалпы 89 миң 600 сомго алынды.

Тапшыруу аземине акимдин орун басары З.Адышова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов жана коомдук уюмдун жетекчилери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×