Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 25.12.2017 12:10

Бишкек—Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-декабрда саат 05:00дөр чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 403-404-чакырымында «МАН» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун оң жагына оодарылып кеткен. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери кырсык болгон жерге барышканда жүк ташуучу унаанын айдочусу жок болгон.

Күйүүчү май ташуучу унаадан болжол менен 10 тоннага жакын солярка аккан. Адам өмүрүнө коркунуч келген жагдай катталган эмес. Жамгыр жаагандыгына байланыштуу унаа асфальттан тайгаланып, айдоочу рулду башкара албай жолдун оң жагына чыгып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×