Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө Энергетиктер күнүнө карата спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кара-Көл шаарында 23-декабрда спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорттук мелдеш шахмат, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол жана волейбол боюнча өттү. Волейбол боюнча мелдешке «Энергетик», «Токтогул ГЭС», «Ардагерлер», «40 жаш» жана өспүрүмдөр спорт мектебинин командалары катышып, 1-орунду «Энергетик» командасы ээледи.

Стол үстүндөгү тенниске 14 киши катышып, 1-орунду Ж.Сасиев ээледи. Тогуз коргоол боюнча мелдешке 5 команда катышып, 1-орунду №89 кесиптик лицей жеңип алды. Ал эми, шахмат боюнча мелдешке 30дай оюнчу катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул иш-чара Энергетиктер күнүнө карата өтүп, жалпы байге фонду 50 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 295
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×