Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 22.12.2017 17:35

Базар-Коргондогу уулануу: 23 жаштагы Нурсултандын артынан карындашы жандандыруу бөлүмүнө түштү (фото, видео)

Turmush -  Базар-Коргон районунда ботулизм оорусуна чалдыгып, 2 мүчөсү ооруканага жаткырылган үй-бүлөнүн абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу райондук оорукананын дарыгерлери билдиришти.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган үй-бүлөдөн кабар алды.

Үй-бүлө башчысы Мырзабек Нурмаматовдун айтымында, 17-декабрь күнү келини палоо жасап, аны үй шартында туздалган бадыраң менен жешкен. «Ошол эле күнү студент кызым Жалал-Абад шаарына окуусуна кетти. Түндө 23 жаштагы уулум Нурсултан ооруп, кусуп баштады. Дароо эле райондук ооруканага алып келдик. Дарыгер уулума тынчтандыруучу ийне сайып, бизди үйгө жөнөттү. Эртеси күнү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна келдик. Дарыгер уулумду карап көрүп, ашказаны таза экенин айтып, бөйрөгүндө туз бар деди. Алардын айткан дарыларын алып, үйгө кайттык. Бирок уулумдун абалы оордоп баштады. Кайра ооруканага алып келип, хирург текшергенден кийин дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырды», - деди ал.

М.Нурмаматов уулу ооруканага жаткырылгандан кийин кызы менен байланышкан.
«Кызым да башы ооруп, көзү тумандап жатканын айтты. Аны алып келгенче өзүмдүн абалым оорлоп баштады. Азыр уулумдун абалы жакшы болуп калды. Бирок кызым жандандыруу бөлүмүндө жатат», - деди ал.

Базар-Коргон аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Данакан Арыкбаеванын айтымында, 19-декабрь күнү Таш-Булак айылынын ботулизмге чалдыккан 3 тургуну жаткырылган.

«23 жаштагы Нурсултандын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Учурда анын абалы жакшы болуп, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулду. Ал эми, 20-декабрда анын карындашы ооруканага кайрылган. Анын абалы оордогонуна байланыштуу жандандыруу бөлүмүнө которулду. Учурда аны дарыгерлер көзөмөлдөп жатат», - деди ал.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда ботулизм менен ооруган 17 адам катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×