Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.12.2017 10:07

Айыл турмушу: 13 жашынан бери майып арабада отурган Т.Райимбекова шырылган чапандарды тигип, кыздардын себин даярдайт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 31 жаштагы тургуну Турдукан Райимбекова буйрутма менен шырылган чапандарды тигип жана кыздардын себин даярдайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 13 жашында баспай калып, майыптык арабага отурган.

«7-класска чейин мектепте окуп, алдыңкы окуучулардын катарын толуктадым. 13 жашыма чейин жакшы жүрүп, андан кийин сасык тумоо менен ооруп калдым. Айылдагы ооруканада 3 күн ийне алгандан кийин басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадым. Башында бутум эле эмес колдорум да иштебей, бир жыл апам тамак берип жүрдү. Дарыгерлер текшергенден кийин басып кетесиң дешкен. Чет мамлекетке барып текшерилгенде ийне туура эмес сайылганын билдиришти. Ал жакта жакшы болуп калганым менен басып кете алган жокмун. Көбүнчө убакытымды китеп окуу менен өткөрдүм. Анан кагаздарды бүктөп, кыргыздын оймолорун жасап баштадым. Ошентип чеберчилик менен алектенип калдым. Алгач кичинекей балдардын жемпирин тигип көрүүгө аракет кылдым. Тигүү машинасын айлантууга күчүм жетпей, иним жардам берди. Күчүм жетпесе да аракет кылып, кийим тиге баштадым. Алгач апама көйнөк тигип бергем. Андан кийин өз алдымча кийим тигүүнү өздөштүрүп кеттим», - деди ал.

Турдукан Райимбекова майып болуп калгандан кийин эч кимге көрүнгүсү келбей, акыбалын сурап келген классташтарын көргөндө көзүнө жаш толуп, кыйналганын белгиледи.

«Көптөгөн кыйын күндөр өттү. Сыртка чыкчу эмесмин. Ал учур мага эле эмес биздин үй-бүлөгө жаратканымдын сыноосу болду окшойт. Бир туугандарым, апам, жакындарым колдоп, стресстен чыктым. Эч нерсеге көңүлүм чаппаган учурларда ыр жазчумун. Ыр чыгарганымды туугандарым билишпейт», - деди ал.

Анын айтымында, 10 жылга жакын кыздардын себин буйрутма менен даярдап, кийин азем буюмдарды жасап баштаган. Акыркы 3 жылдан бери кийимдерди өзү бычып тигүүдө. Ошондой эле, ал шырылган чапандарды да тигет. Бул чапандарга талап жогору болгондуктан 400 сомдон 4 миң сомго чейин бааланат.

«Айымдар үчүн кече көйнөктөрүн да тигем. Буйрутмаларды бүтүрүүгө апам, келиним жана сиңдим жардам берет. Журакандарды жасоого апам көбүрөөк көмөктөшөт. Коомчулукта ар кандай адамдар бар. Сыртка чыгып калганда айрымдар абалымды көрүп жардам берип, үйгө чейин жеткиришет. Азыр жакшы нерселерге көбүрөөк маани берип калдым.

Учурда коомдук иштерге активдүү катышып баштадым. Облуста, райондо кол өнөрчүлөрдү колдоо үчүн өткөрүлгөн жармаңкелерге катышып жатам. Өзүм үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусумун», - деди ал.

Т.Райимбекова жазган ыр:

Көргүм келет күн кызарып батканын,
Инир кирип каш карайып калганын.
Жыла басып тээ алыстан ай чыгып,
Айланага алсыз нурун чачканын.

Көргүм келет таң кылайып атканын,
Көк асманда жалгыз чолпон калганын.
Көргүм келет күндүн нурлуу көздөрүн,
Тирүүлүккө жылуу нурун төккөнүн.

Көргүм келет сайда суунун акканын,
Толуп ташып албууттанып жатканын.
Ак көбүгүн чачыратып суу жээкке,
Чабындыны кошо буркуп жатканын.

Көргүм келет ак чокулуу тоолорду.
Бүркүт шаңшып кайып учкан зоолорду.
Көргүм келет арча кайың тюльпанын,
Кымыз жыттуу жайкы жайлоо кечтерин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×