Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта үйлөрү жер көчкү алдында калган үй-бүлөлөргө мекемелердин эсебинен жаңы үйлөр курулду (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын Сары-Булак айылында үйлөрү жер көчкү алдында калган үй-бүлөлөргө жаңы үйлөр курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 26-январында 3 үйдү жер көчкү басып, бир үйдүн дубалы жараксыз болгон. Үйүн жер көчкү басып калган тургундар «Орток» токой чарбасынын кеңсесине жайгаштырылган болчу.

Жаңы үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которуп беришкен. Жалпы 1 млн 400 миң сом чогулуп, ага 2 бөлмөдөн турган 4 үй курулду.

Турак жайларды курууга тендер өткөрүлүп, аны «Заманбап курулуш 1» ЖЧКсы утуп алган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 712
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×