Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда мал уурдаган окуучулар кармалды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мал уурдоого шектелген топ кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Авлетим айыл аймагынын Телман айылында 2 баш ат жоголгон. Аттарды уурдагандар 5 адам экени жана алардын арасында 11-класстын окуучулары бар экени аныкталган.

Аталган айылдын тургундары мал уурдалганы тууралуу милиция кызматкерлерине билдирип, шектүүлөр колго түшүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 886
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×