Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 20.12.2017 17:50

Ноокенде жаңы жылдык балаты орнотулду

Turmush -  Жалал-Абаддын Ноокен районунда жаңы жылдык балаты орнотулду. 12 метрлик балаты райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдына коюлду.

Райондун акиминин орун басары Нурийла Бекжигитованын айтымында, балатыны орнотууга жана аны кооздоого каражат Масы айыл аймагынын бюджетинен бөлүндү.

«Акимдин резервдик фондунан мектеп окуучуларынын балаты майрамын өткөрүүгө 40 миң сом бөлүндү. 28-декабрда №2 Саадат Ногоева атындагы орто мектепте өтүүчү жаңы жылдык майрамга 130 бала чакырылды. Аладын ичинен 50 окуучу эң мыкты окуйт, ал эми калгандары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Ошондой эле, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да чакырылды», - деди ал.

Н.Бекжигитова балдарга Бишкек шаарынан келген куурчак театрынын оюн-зоогу көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×