Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын 2 тургуну ботулизмге чалдыгып, ооруканага түштү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда эки адам ботулизм оорусуна чалдыгып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Таш-Булак айылынын 2 тургуну — 1994-жылы туулган Н.О. жана 1968-жылы туулган М.Н. жаткырылды. Дарыгерлер алар ботулизмге кабылганын аныкташты. Үй-бүлөнүн калган 5 мүчөсүнүн абалы жакшы деп бааланууда.

Базар-Коргон райондук ооруканасынын дарыгерлери бейтаптардын бири жандандыруу бөлүмүнө оор абалда, экинчиси жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти.
«Бул үй-бүлө мүчөлөрү үй шартында жасалган салат жешкен. Эки бейтапка тиешелүү дары-дармектерди берип жатабыз. Үй-бүлөнүн дагы бир мүчөсү текшерүүдөн өтүп, көзөмөлдөнүп жатат», - дешти дарыгерлер.

Ботулизм деген эмне?

Ботулизм – ботулизм таякчасы бөлүп чыгарган уудан (токсин) пайда болуучу, капысынан башталып катуу кармаган оору. Өз убагында медициналык жардамга кайрылбаса бейтапты шал болууга жана өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу илдет. Ботулизм таякчасы топуракта жашап, андан сууга, мөмө-жемиштерге, тамак-аш азыктарына, тоюттарга түшүп, алар менен киши жана жаныбарлардын ичегисине кирет. Ал жерде көбөйүп, заң менен кайра чыгат. Киши ботулизм таякчалары же токсиндери менен булганган тамак-ашты жегенден, көбүнчө сүрсүгөн эт, туздалган балык, үй шартында гигиеналык талаптар сакталбай жасалган консерваланган жашылчалардан ууланат. Уу ичегиге тез сиңет. Андан кан менен бүт денеге тарап, түрдүү органдарды, өзгөчө нерв системин жабыркатат. Ботулизм таякчасы сырткы чөйрөнүн шартына туруктуу келет. Кайнатууда өлбөйт, кычкылтексиз чөйрөдө гана өсүп, көбөйөт жана уу бөлүп чыгарат. Оорунун жашыруун (инкубациялык) мезгили 2 сааттан 10 күнгө чейин.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1669
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×