Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.12.2017 22:54 На русском

Фото — Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду

Turmush -  Бүгүн, 16-декабрда Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыктан 5 адам каза болуп, 5 жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Жалал-Абад ОИИБден Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришкендей, "Хендай Гетц" менен "Хонда Степвагон" кагышкан. Каза болгондордун үчөө биринчи унаадан, экөө экинчи унаадан чыгарылды. Учурда көз жумгандар менен жабырлануучулардын өздүгү такталып жатат.

Окуя Токтогул районунун аймагында болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысына Токтогул райондук ооруканасынан жандандыруу бөлүмүндө 3 адамга жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. Алардын бири кош бойлуу келин.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткандар:

- 1985-жылы туулган К.С.;

- 1979-жылы туулган И.М.;

- 1994-жылы туулган К.К. (кош бойлуу).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×