Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 15.12.2017 17:29

Ноокендин 2 тургуну курал жана ок менен кармалды

Turmush -  Ноокен районунда жанында ок алып жүргөн 40 жаштагы тургун кармалды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Сакалды айыл аймагына караштуу Аримжан айылынын 1977-жылы туулган тургуну М.А. оперативдүү маалыматтын негизинде кармалып, жанынан 7 даана ок табылган. Андан соң өз ыктыяры менен милицияга 50 даана окту үйүнөн алып чыгып берген.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын шериги — Ноокен районунун 1989-жылы туулган тургуну К.Ө. «Карабин» үлгүсүндөгү курал алып жүргөн жеринен кармалган. Аталган факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзгөн учурда ок атуучу куралдын эч кандай документтери жок болуп чыккан. Анын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×