Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Лимон өстүрүп, кирешесине унаа сатып алган аксылык багбан эми банан да өстүрөт (фото)

Turmush -  Аксы районунун 62 жаштагы тургуну Акиналы Нышанов короосунда 8 сотых жерге күнөскана куруп, ал жерде лимон өстүрүп киреше табууда. Элеттик багбан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал лимон өстүрүп баштаганда түшүм берерине эч ким ишенген эмес.

«Өзүм цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кызыгам. Мындан 6 жыл мурун сыналгыдан бизге коңшулаш Өзбекстандын Андижан облусунда бир багбан үйүнө лимон эгип, түшүм алып жатканын көрдүм эле. Байкаштырып карасам, биздин климатка деле бул өсүмдүк көнгүдөй экен. Көп узабай Өзбекстандан 3 жылдык болуп калган 34 түп лимон көчөттөрүн алдырдым. Күнөскананы куруп, эгип көрсөм өсө баштады. Бул цитрус мөмөсүнүн өсүмдүгү анчейин ысыкты жактыра бербейт, салкынды жана нымдуулукту жакшы көрөт экен. Өсүмдүк бадал сыяктуу жапыз өсүп, оору-сыркоодон алыс болот. Мисалы, бир жылда бир жолу, анда да май айларында шире каптайт. Ошол мезгилде кыргыз гумат деген дарысы менен жууп салам, андан башка химикат аралаштырбайм.

Биринчи көчөттү эгип баштаган жылдары досторум "бул өсүмдүк өспөйт, калп эле убактыңды, акчаңды кетирип жатасың" деп ишенишкен эмес. Мен көчөттү сугарганда малдын кыгын ачытып, ошону шербет кылып сууга аралаштырып жиберчүмүн. Бир чети ошол да көчөттөрдүн жетилишине көмөк берди. Учурда күнөскананы эки кабаттан клёнка менен оройм, ошондо кыштын күнү ичине от жагылбайт. Бул өсүмдүк өтө кирешелүү, анткени мен бир түп дарактан 500 килограммдан кем эмес түшүм алдым.

Өткөн жылы кышта ойлобогон жерден эле кар жаап жибергендиктен бышып турган лимондорду үшүк алып кетти. Ошентсе да 500 килограммдан кем эмес түшүм терип, сатыкка чыгардым. Былтыркыдан тапкан кирешеге жаңы унаа сатып алдым. 6 жылдан бери 250 миң сом чыгаша кетирдим, бүгүнкү күнү анын баарын актады. Айылда лимон өстүрүүгө эч ким деле кызыга бербейт, кээде жаштар келип кантип өстүрүү керектигин сурашат. Мен анын жол-жоболорун түшүндүрүп, ага кеткен чыгашасын айтсам ойлонуп калышат. Чыгаша чыкмайынча, киреше кирбейт да. Учурда лимондун алды быша баштады, декабрь айынын аягында тегиз бышып калат. Ошондо анын 1 килограммын 150 сомго баалап сатам», - дейт багбан.

Мындан сырткары, ал жакынкы күндөрдөн баштап банандын көчөтүн да өстүрүүнү пландап жатат.

«Менин оюм боюнча биздин климатка бананды да өстүрсө болот. Өзбекстанга банандын 4 түп көчөтүнө буйрутма берип койдум. Ал келсе бир жылдай эксперимент катары өстүрүп көрөм, эгер жакшы болсо үйүмдүн бурчуна дагы бир күнөскана куруп, банан өстүрүүнү колго алам. Январь айынан баштап лимон көчөттөрүнүн арасына түрп, ашкөк, помидор, бадыраң эгип, кыштын күнү базарга сатыкка алып чыгам. Ал эми февраль айынын башында кайра эле ошол жерге жаңыдан помидор, бадыраң, болгар калемпирин жана калемпирдин уруктарын эгем. Анткени март айынын ортосуна чейин алар жерге эгилчү көчөткө жарап калат, аларды да сатыкка коём. Ал эми андан тапкан каражатты үй-бүлөмдү багууга жумшайм», - дейт багбан А.Нышанов.

Мындан сырткары, талаада анын 2 гектар жери бар. Ал жерге дарбыз, коон жана малга тоют үчүн жүгөрү өстүрөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5097
Көп окулду
×