Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.12.2017 17:00

Айыл турмушу: Жыл мугалими аталган Ноокендеги мектептин жаш директору Египетте эс алып келди (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айылындагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору Уланбек Уметов билим берүү тармагындагы ийгиликтери үчүн Египетке жолдомо алып, эс алып келди.

У.Уметов Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдагандай, анын мугалимдик кесипти тандашына апасы, аны окуткан мугалимдер чоң таасир тийгизген.

«Мен 1988-жылы Ноокен районунун Шайдан айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 2005-жылы мектепти артыкчылык аттестат менен аяктап, ошол эле жылы ЖАМУда химия мугалими адистигинде окуп баштап, 2011-жылы дипломго ээ болгом. Мугалимдик кесипти тандаганыма апам жана мени окуткан мугалимдердин таасири чоң. Анткени апам 46 жыл мектепте мугалим болуп эмгектенген.

Менин мугалимдик кесибим 2008-жылы №4 Жаңы-Турмуш (азыркы А.Сатаров) атындагы орто мектебинде башталып, кийин №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебине химия мугалими катары которулдум. Ал жерде бир топ тажрыйба топтоп, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары кызматын аркаладым. Андан соң Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматында эмгектендим. 2014-жылдан бери №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектепте директорлук кызматты аркалап жатам. Бир топ ийгиликтерди жаратып, келечек ээлери болгон жаш муундарга билим-тарбия берип, аз да болсо мекениме өз салымымды кошуп жатам деп ойлойм», - дейт У.Уметов.

Ал кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып, профсоюз тарабынан бир катар жерлерде эс алып келгенин айтты. Ал «Жыл мугалими» сынагынын облустук турунун 2 жолку чемпиону, «Билим берүү мыктысы» төш белгисинин ээси болгон.

«2011-жылдын мыкты уюштуруучусу» кароо-сынагынан 2-орунду ээлеп, Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайына жолдомо алгам. «2013-жылдын мыкты предметтик канасы» сынагында байгени ээлеп, «Сахаба» эс алуу жайында эс алып келдим. «2012-жылы жана 2017-жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагына катышып, баш бейгени алгандыгым үчүн профсоюздун Ноокен райондук комитети тарабынан Ысык-Көлдө 2 жолу эс алууга барып келдим. Аталган сынактын облустук турунда баш байгеге ээ болуп, профсоюздун облустук комитети тарабынан Египетке 10 күнгө эс алууга жолдомо алдым. Мыкты эмгектер эч качан жерде калбай, профсоюз тарабынан баалангандыгы кубандырат. Бул мугалимдердин, өзгөчө жаш кадрлардын ишке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын мотивациясынын, чыгармачылыгынын деңгээлин жогорулатуунун башкы максаты», - дейт

Билим берүүнүн мыктысы аталган директор Египетке болгон сапарына да токтолду.

«Египет Азия, Африка жана Европа материктеринин биригишкен жеринде эмеспи. Бир убакта үч материкте болуу буйруп, көрүп келдим. Дүйнө кереметтерине кирген пирамидаларда, тарыхый музейлерде жана деңиз үстүндө саякаттап, Нил дарыясынын үстүндө круизде болдум. Кызыл деңиздин кумдуу жеринде сууга чумкуп, Өлүк деңизге түшүп, деңиз түбүндө дайвингде болуп кайттым. Эс алуудан энергия топтоп, жаңы дем, жаңы күч, жаңы идеялар менен кайттым. Дүйнөгө көз карашым кенейди. Мага окшогон мугалимдер да барып эс алып келүүсүн тилек кылдым», - дейт жаш директор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×